Баткен жана Согд облусунун башчылары кезигип, чек арадагы абалды талкуулашат

Учурда коңшу өлкөлөрдүн облус башчыларынын биринчи орун басарлары Төрт-Көчө жер тилкесинде сүйлөшүп баштады.
Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов менен Согд облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулап, жакынкы аралыкта жолугушууга макулдашышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, учурда коңшу өлкөлөрдүн облус башчыларынын биринчи орун басарлары Төрт-Көчө жер тилкесинде сүйлөшүүлөрдү баштады. Ага эки тараптын Чек ара кызматынын, Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын облустагы башчылары да катышууда.

Баткендеги окуя

8-майда кечке жуук Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагындагы жергиликтүү жашоочулар Баткен районунун Чек айылында 50 сотых жерди талашып, жаңжалдаша кетишкен.
Чек арадагы чыр. Кыргызстан менен Тажикстандын ТИМ башчылары сүйлөштү
Анда тургундар бири-бирине таш ыргытып, мергенчилик куралдан ок чыгарышкан. Чек арадагы чыр-чатактын күчөп кетпеши үчүн эки өлкөнүн чек ара кезметтери эскертүү иретинде асманга ок атып, элди тынчтандырышкан. Бирок ошол эле учурда Тажикстандын УКМКсынын чек ара аскерлери күтүүсүздөн кыргыз чек арачыларын жана Кыргызстандын жарандарын көздөй гранатомёттон ок чыгарган.
Кийинчерээк чек ара кызматы ок атышуу токтогонун билдирди. Анын кесепетинен кыргызстандык үч чек арачы жаракат алган.