Бишкекте Чолпонбай Түлөбердиев атындагы парк ачылып, айкели орнотулду. Сүрөт

Буга чейин аталган паркка баатырдын ысымын ыйгаруу демилгесин Чолпонбай Түлөбердиев атындагы коомдук фонд көтөрүп чыккан. Эстеликтин скульптору — Марлен Бакачиев.
Sputnik

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Бишкекте Чолпонбай Түлөбердиев атындагы парк ачылып, эстелиги орнотулду. Салтанаттуу аземге өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков катышканын президенттин маалымат кызматы кабарлады.


Иш-чарада президент Түлөбердиевдин эрдигин баса белгилеп, эл ардагерлерге жана согуштан кайтпай калган баатырларга милдеттүү экенин кошумчалады.Ага ылайык, парк калаанын батыш тарабында жайгашкан. Эстеликтин ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов, Россиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко катышкан. Калаа мэри өлкө башчыга паркты көрсөтүп, андагы оңдоп-түзөө иштери тууралуу айтып берген.

"Чолпонбай Түлөбердиев өз өмүрүн тобокелчиликке салып мекенин баскынчылардан коргоп калган баатырларыбыздын бири. Түлөбердиев сыяктуу биздин аталарыбыздын, чоң аталарыбыздын улуу эрдиктерин эсибизге сактоо жана аны өсүп келе жаткан муунга жеткирүү ыйык милдетибиз болуп саналат. Биз бүгүн тынч заманда жашап жатабыз. Бул үчүн биз арабызда жүргөн ардактуу ардагерлерге жана согуштан кайтпай калган баатырларга милдеттүүбүз", — деди өлкө башчы.

Чолпонбай Тулөбердиев — Кызыл Армиянын катарына 1941-жылы 19 жашында кирген. Буга чейин аталган паркка баатырдын ысымын ыйгаруу демилгесин Чолпонбай Түлөбердиев атындагы коомдук фонд көтөрүп чыккан. Эстеликтин скульптору — Марлен Бакачиев.