"Өлбөс полктун" кандай өтөрүн уюштуруучулар түз эфирде айтып беришет

"Өлбөс полк" иш-чарасы токтоп же башка мөөнөткө жылдырылган жок, болгону онлайн жүрөт. Бирок ал кандай болот, кантип катышуу керектигин уюштуруучулар түз эфирде түшүндүрүп бермекчи.
Sputnik

"Өлбөс полк" акциясы биринчи жолу 2012-жылы Томск шаарында өткөн. 2013-жылы Россия, Казакстан жана Украинада белгиленген Жеңиш майрамында согуштун катышуучуларынын сүрөттөрүн 200 миңге жакын киши көтөрүп, параддан өткөн.

Жүрөк тилген видео! Аталардын Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдиги
2014-жылдан тарта бул акцияга Бишкек шаары да кошулуп, анда миңге чукул адам согушка катышкан чоң ата, чоң апаларынын сүрөтүн көтөрүп жөө басышкан. 2018-жылы "Өлбөс полкко" 45 миң, 2019-жылы 50 миңге чукул адам чогулган. Быйыл пандемиядан улам ага кыргызстандыктар үйдөн отуруп катышууда.

Быйыл онлайн-акцияга болжол менен жарым миллионго чукул адам катышарын билдиришти.

Ардагерлердин сүрөттөрүн https://2020.polkrf.ru/, https://ok.ru/app/immortal-regiment, https://vk.com/polk_app, https://sber9may.ru/ аянттарына жайгаштырууга болот.

Ал эми Кыргызстандын ичинде катышуучулар согуштагы, тылдагы ата-бабалардын сүрөттөрүн, тарыхын баяндап социалдык тармактагы аккаунттарына коюп, Facebook тармагындагы атайын баракчага жайгаштыра алат.

Эл аралык Sputnik агенттиги иш-чаранын жакынкы чет өлкөлөрдөгү расмий маалымат өнөктөшү.