Кыргызгидромет эскертет! Өлкөнүн түштүгүндө кайрадан сел жүрүшү мүмкүн

8-9-10-майда өлкөнүн башка аймактарында да жаан жаашы күтүлүүдө. 11-12-майда күндүн көзү ачылып, абанын температурасы түштүк аймактарда жана Бишкекте 29 градуска чейин жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 7-май— Sputnik. 8-10-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн түштүк аймактарындагы тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашты.

Лейлекте жүргөн сел аймакты 55 млн. сомдон ашык чыгымга учуратты
Маалыматка ылайык, 8-10-майда жааган жамгырдан улам Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү коркунучу бар.

8-9-10-майда өлкөнүн башка аймактарында да жаан жаашы күтүлүүдө. 11-12-майда күндүн көзү ачылып, абанын температурасы түштүк аймактарда жана Бишкекте 29 градуска чейин жетет.

Борбор калаада 8-майда жана 9-майда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. 9-10-майда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал.