Медиктер алдандыбы? Жогорку Кеңеште өкмөттүн отставкасы талап кылынды

Депутат коронавирус жуктуруп алган медиктерге убадаланган акча эки эсе аз төлөнүп жатканына нааразы болду.
Sputnik

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Жогорку Кеңеште өкмөт мүчөлөрү убадасын так аткара албагандыгы үчүн медиктерден кечирим сурабаса, кызматтан кетиши керек. Мындай талап жалпы жыйында айтылды.

“Премьер-министр жана бийлик коронавирус жуктурган медицина кызматкерлерине башында айтылган 200 миң сомдон эмес, 100 миң сомдон төлөп жатканына жооп бериши керек. Бул алдамчылык. Сөзүнө тура албаган өкмөт кызматтан кетсин же бардык маалыматты ачыктап, кечирим суроосу зарыл”, — деди депутат Мирлан Жээнчороев.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда саламаттык сактоо кызматкерлеринин арасынан 221 вирус жуктуруп алган учур катталды. Алардын ичинен бир медик каза тапты.