Россия менен Белоруссиядан чыккан Жеңиш эстафетасы Ош шаарына жетти

Иш-чаранын максаты Улуу Ата Мекендик согуштагы фашизмге каршы элдин баатырдык күрөшүн даңазалоо, КМШ өлкөлөрүнүн элинин биримдигин жана достугун бекемдөө болуп саналат.
Sputnik

ОШ, 6-май — Sputnik. Ош шаарында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган эл аралык Жеңиш эстафетасын тосуп алуу салтанаты өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Ага ылайык, акция 2020-жылдын 5-февралында Белоруссиянын Брест жана Россиянын Мурманск шаарларынан эки багыт боюнча старт алган. Иш-чаранын катышуучулары КМШ өлкөлөрүнүн тышкы чек араларын бойлоп өтүүдө.

Жеңиш эстафетасы Казакстандан Кыргызстандын аймагына 2-май күнү өткөрүп берилген.

Өлбөс полкко даярдык. "Жеңиш күнүн" миңдеген кишилер ырдашы мүмкүн
Эми 7-майда "Бордөбө-автожол" көзөмөл өткөрүү жайында Жеңиш эстафетасын Кыргызстандын чек арачылары Тажикстанга өткөрүп беришет.

Эстафета Тажикстандан Өзбекстанга, андан ары Түркмөнстанга жана Азербайжанга өтөт.

Масштабдуу аскердик-патриоттук Жеңиш эстафетасы 28-майда Москва шаарында "Белгисиз жоокерлердин күмбөзү" мемориалдык комплексинин жанында жыйынтыкталат.

Иш-чаранын максаты Улуу Ата Мекендик согуштагы фашизмге каршы элдин баатырдык күрөшүн даңазалоо, КМШ өлкөлөрүнүн элинин биримдигин жана достугун бекемдөө болуп саналат.