БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Министрликтердин жана ведомстволордун чыгымдарын жалпысынан 10,6 миллиард сомго кыскартуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев онлайн режиминде өткөн өкмөттүн кезектеги жыйынында айтты.
Премьер-министр коронавирустун таасири Кыргызстандын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүүнү талап кылганын билдирди.
"Министрликтердин жана ведомстволордун, анын ичинде президент жана өкмөт аппараттарынын чыгымын жалпысынан 10,6 миллиард сомго кыскартуу чечими кабыл алынды. Бул республикалык бюджеттин учурда болгон каражатын сарамжалдуу пайдаланууга шарт түзөт", — деди Абылгазиев.
Бөлүнгөн 3,5 миллиард сомдун 640 миллион сому укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кошумча каржылоого, 411 миллион сому азык-түлүк коопсуздугуна, ал эми 868 миллиону коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө багытталганы айтылды.
"Чыгымдардын кыскарышы бюджеттин корголгон беренелеринин 110 миллиард сом өлчөмүндөгү каражатын төлөөгө таасирин тийгизбейт. Бардык социалдык милдеттенмелер, анын ичинде айлык акы, пенсия, жөлөк пул өз учурунда жана толук каржыланат", — деди Абылгазиев.
Жыйында каржы министри Бактыгүл Жээнбаева 2020-жылга карата республикалык бюджеттин дефицити 37 724,3 миллион сомду түзгөнүн баса белгиледи.