Тажикстанда бир жумага жетпей коронавирус 293 кишиден чыкты. Коңшулардагы абал

Коңшу өлкөлөрдө карантинден улам киргизилген чектөө чаралары акырындык менен алынып баштаса, Тажикстанда вирус эми катталып, жуктургандардын саны өсүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттиги коронавирустан улам коңшу жана өнөктөш мамлекеттерде түзүлгөн кырдаалга назар салды.

Тажикстан

Коңшу мамлекеттер коронавирус менен алышып жатканда Тажикстанда абал тынч болчу. Бирок бир жумага жетпей аталган өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 293кө жетти. Вирус жуктуруп алгандардын ичинен беш адам каза болгондугу айтылды. Коңшу өлкөдө саламаттык сактоо министри кызматынан кетип, ордуна жаңысы дайындалды

Казакстан

Казакстанда коронавирус жуктуруп алган учур дагы эле өсүп жатат. Азыркы тапта бул сан 4200гө жетип, илдет 29 адамдын өмүрүн алган. 4-майдан тарта коңшуларда бир катар ишканалар, анын ичинде калкты тейлөө борборлору, банк, стоматология, сулуулук салондору иштей баштады.

Өзбекстан

Өзбекстанда коронавирус 2217 адамдан табылса, бүгүнкү күнү анын 1539у айыкты. Каза болгондордун саны 10 болду. Бул мамлекетте да карантинден улам киргизилген чектөөлөр чекесинен алынууда. Бирок президент мындай иш-чараларды дароо жасабай, акырындык менен алуу тапшырмасын берген.

Кытай

Оорунун очогу аталган Кытайда коронавирус жуктургандардын саны кескин өскөн жок. 83 миң боюнча сакталып турат. Акыркы маалыматтар боюнча 83 968ди көрсөтүүдө. Буга чейин ЖМКлар вирус аныкталган бейтаптардын дээрлик 93 пайыздан ашыгы сакайганын жазган.

Россия

Кыргыз мигранттарынын көбү эмгектенген Россияда вирус 155 370 адамдан аныкталды. Анын ичинен 19 миңи айыгып, 1451и көз жумду.

Кыргызстан

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 871 адамдын 614ү айыкты. Вирус аныкталган 12 бейтап каза болгону маалымдалды.