Бекешев: милиционерлер кошумча акчадан баш тартпаганын айтып нааразы болууда

Узаган жумада өкмөт башчы милиционерлер өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминде иштегендиги үчүн төлөнчү кошумча акчадан баш тартып жатканын билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин милиционерлер кошумча акчадан баш тартып жатат дегени туура эмес, буга нааразы кызматкерлер бар. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.

Анын айтымында, өткөн жумада парламент жыйынында өкмөт башчы укук коргоо органдары өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминде иштегендиги үчүн төлөнө турган кошумча акчадан баш тартып жатканын билдирген.

"Урматтуу төрага, биз маалыматты өкмөттөн так угуп койсок. Кайсы милиция кызматкери кошумча акчаны алат. Себеби өткөн жумада премьер-министр алар баш тартып жатканын айтты. Кечээ мага милиция кызматкерлери кайрылышкан, өтө нааразы болуп жатышат. Шаабайыбыз сууп калды дейт. Биз ӨК жана ӨА режими киргизилгенден бери күн-түн, дем алышсыз иштеп жатабыз, кошумча акчадан эч ким баш тарта элек дешти. Бул маалыматты Финансы министрлигинен так уксак", — деди эл өкүлү.

Бекешев ошондой эле дарыгерлердин 200 миң сом компенсациясы да азайганын угуп жатканын айтып, бул боюнча өкмөттөн түшүндүрмө сураган.