Жакшы кабар! Ысык-Көлдө коронавируска кабылган адамдардын баары айыгып чыкты

Облуста катталган акыркы бейтап бүгүн, 5-майда, Балыкчы шаарындагы аймактык ооруканадан чыгарылды. Бейтаптардын жалпы саны 10 болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Ысык-Көл облусунда коронавирус жуктурган адамдардын баары айыгып чыкты. Бул тууралуу облустук штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыркы бейтап бүгүн, 5-майда, Балыкчы шаарындагы аймактык ооруканадан чыгарылган.

Ысык-Көл облусу боюнча 10 тургун COVID-19 илдетине чалдыккан. Бүгүнкү күндө алардын баары сакайып, үй карантинине жиберилди.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 843кө жетип, анын ичинен 600ү айыгып чыкты. Тилекке каршы, 11 бейтап каза болуп калды.

Боронов Ысык-Көлгө кирип-чыгууну чектөөнү аша чапкандык катары баалады
Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ат-Башы районуна 10-майга чейин өзгөчө абал киргизилген.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.