Валентина Ивановна согуш жылдарын баяндаган поэзияны угуп дем-күч алууга кеңеш берип, өзү да жакшы көргөн ырларынын бирин окуп берди.
Sputnik агенттиги менен болгон эксклюзивдүү маегинде эмне үчүн Роберт Рождественскийге токтолгонун да түшүндүрдү.
— Валентина Ивановна, азыркы кырдаалдан алып караганда Улуу Жеңиштин юбилейи кандай майрамдалат деп турасыз? Үйбүлөлүк архив, сүрөттөр жөнүндө айттыңыз эле. Андан сырткары, окуянын духуна сүңгүп кирип, дагы эмнелерди сунуштайсыз?
Калп эле, жасалма окугум келген жок. Негизи анткенди өзүм да жаман көрөм... Аскер поэзиясын аңтарып, кайрадан казып окуп чыгууга туура келди. Аларды барактап алып кыйналган күндөрүм да болду. Бирок аныма ичим ачышпайт. Азыр Жеңиш күндүн алдында таасирленүү өтө керектүү жана абдан маанилүү нерсе. Жан дүйнөң тазаланат, катарсис. Өзгөчө фронтовик акындарды окуганда башкача болосуң.
— Өзгөчө кайсы чыгармалар жан дүйнөнү ойготуп кетти?
— Симонов, Твардовский, Окуджава, Друнина, Берггольц… "Я убит подо Ржевом", "Если дорог тебе твой дом", "Я ухожу от пули", "Ты вернешься", "Накануне" чыгармалары…
Бирок Роберт Рождественскийдин "Реквием" чыгармасына токтодум. Бул, ал тургай, өзүм үчүн да күтүүсүз болду. Бир карасаң бул чыгарма канча ирет окулган, канча ирет айтылган, аны канча ирет укканбыз. Бул да жөн жерден болгон эмес окшойт. Анын күчү ааламды аңтарып кете тургандай! Билесизби, бул тээ ошол мезгилдеги азапка, кайгы-муңга, Жеңиштин чексиз зор экендигине сырттан туруп ташталган көз караш. Ар бир ирмем башкача. Ар бир деми сыйдаланып, жылмаланып, түбөлүктүүлүккө бекитилген. Окуганда сөздүн өзүнө тарткан сыйкырына арбалып каласың, ал жөн сөздөр эмес, адамга күч, кубат, дем берген касиетке эгедер. Силер да окугула.