БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Карантинден кийин Ош шаарында эки жаңы бала бакча пайдаланууга берилет. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Амир-Тимур кичи районунда салынып жаткан бакча 100 орундуу, ал эми Түштүк-Чыгыш кичи районундагы бакча 120 орундуу экени айтылат.
Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов курулуш иштерин көзөмөлгө алууда.
Мындан сырткары, муниципалитет жакында жергиликтүү бюджеттин эсебинен дагы бир бала бакчанын курулушу башталарын убадалады.