Ошто санитардык талапты аткарбай кайра жабылган ишканалардын саны 80ге жетти

Рейд учурунда айрым ишканалар залалсыздандыруу эрежелерин сактабаганы, коргонуучу каражаттарды колдонбогону аныкталган.
Sputnik

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Ошто 1-майдан тарта ишин жанданткан 80 ишкана санитардык-карантиндик талаптарды толук аткарбаганы үчүн кайрадан жабылды. Бул тууралуу Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов брифинг учурунда билдирди.

Жабылган ишканалардын арасында чачтарачкана, наабайкана, автотетиктерди саткан дүкөндөр бар.

"Мамлекет ишкерлерге иштеп, пайда тапсын деп мүмкүнчүлүк берип жатат. Бирок айрым жарандарыбыз мурдагыдай эле жайбаракат, ээн-эркин, бет кабы жок жүрүшөт", — деди комендант.

Ош шаарында бүгүндөн тарта 7 тармак иштей баштады. Тизме
Рейдге санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча аймактык инспекциянын, Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын, райондук милиция жана комендатуранын кызматкерлери чыккан. Анда мекеме-ишканалар, соода түйүндөрү, чачтарач, сулуулук салондору, унаа оңдоочу жайлар, эт сатуучу дүкөндөр, курулуш объектилери жана такси кызматы текшерилген.

Нурдиновдун айтымында, мындай текшерүүлөр дагы да улантыла бермекчи.

Белгилей кетсек, Ош шаарында 1-майдан баштап өнөр жай, өндүрүш, курулуш, транспорттук каражаттарды оңдоо жана тейлөө кызматын көрсөткөн тармактар иштей баштады. Булар менен катар мамлекеттик жана жеке нотариустар, чачтарачкана жана салондор, патенти бар таксисттер эмгектене баштаган.