Нарындык чабандар торпокко тиш салган ак илбирсти кармашты. Сүрөт, видео

Жырткычтын картайып алсыз болуп, ошондой эле бир бутунан аксап, көзү да жакшы көрбөй калганы аныкталган.
Sputnik

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Нарын районунун Эмгек-Талаа айылынын тургундары Тескей-Торпок ашуусунан ак илбирс кармап алышкан. Бул туурасында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.


Билдирмеге караганда, жырткычты кечээ, 3-майда, жайыттагы торпокко тиш салгандан кийин кармап, бийлик органдарына кабарлашкан. Ал жерге агенттиктин Өзгөчө корголгон жаратылыш аймактары жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо департаментинин ыкчам тобу барган.

Ветеринарлар ак илбирсти текшерип эркек экенин жана карып калганын айтышкан. Ошондой эле жырткычтын алсыз, бир буту аксак, көзүнүн көрүүсү начар экени аныкталган.

"Бул ак илбирс азыркы абалында жана жаш курагында өз алдынча аңчылык кылып, оокатын таба албайт. Үй жаныбарына кол салышына дагы ушул себеп болушу мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле күнү Токой чарбасы агенттигинин директору Мирслав Аманкуловдун тапшырмасы менен ак илбирсти Ысык-Көл облусунун Ананьево айылындагы NABU Кыргызстан реаблитация борборуна жеткиришкен.

"Азыркы учурда жырткыч чыйралып, өзүн кыйла жакшы сезип калды. Тамак жегени да жакшы. Ветеринардык дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Ак илбирстин абалын жана саламаттыгын толугу менен кароодон өткөрүү үчүн бүгүн Бишкектен ветеринардык дарыгерлерден турган топ барат", — деп жазылат агенттиктин билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, буга чейин Нарын облусунун Жумгал районунда дагы чабандын короосуна түшүп келген карыган ак илбирсти кармап, реаблитациялык борборго алып кетишкен. Андан мурдараак Талас облусунда башына чачма ок тийген бала илбирс кармалып, камкордукка алынган.