Министрлик: коронавируска кабылгандардын бири ооруну кайдан жуктурганын билбей жатат

Саламаттык сактоо министринин орун басарынын айтымында, ооругандар менен байланышпагандар кантип вируска чалдыгып жатканын иликтөөгө убакыт талап кылынат.
Sputnik

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Акыркы суткада коронавируска кабылган 13 адамдын бирөөнө вирус кайдан жукканы билинбей жатат. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"12 киши — вирус жуккандар менен байланышта болгондор. Бир кишинин коронавируска кайдан кабылганы азыр иликтенип жатат. Мындай учурлар анча көп эмес, бирок бар. Ошол себептен карантин канчалык жеңилдетилсе дагы кыргызстандыктарды колдон келишинче үйдөн чыкпай отуруусун суранат элек", — деди Үсөнбаев.

Ал кошумчалагандай, ооругандар менен байланышпагандар кантип вируска чалдыгып жатканын иликтөөгө убакыт талап кылынат.

Коронавирустун кесепети

Министрлик: коронавирустан дагы бир жаран көз жумду
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 843кө жетип, анын ичинен 600ү айыгып чыкты. Тилекке каршы, 11 бейтап каза болуп калды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.