Министрлик: коронавирустан дагы бир жаран көз жумду

Каза болгон адамга пневмония, үчүнчү даражадагы курч мүнөздөгү дем жетишсиздиги жана мээ шишиги диагнозу коюлган.
Sputnik

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Өкөн сутка ичинде Бишкектеги Республикалык  жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында коронавирустан дарыланып жаткан бир жаран каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

“COVID-19 вирусун жуктуруп алып каза болгон жаран 69 жашта болчу. Анда ошондой эле пневмония, үчүнчү даражадагы курч мүнөздөгү дем жетишсиздиги жана мээсинде шишик бар деген диагноз коюлган. Мындан тышкары, бейтап кант диабетинен жабыркап, инсулин алчу,” - деп айтылат билдирүүдө.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда бүгүн дагы коронавирус жуктурган 13 киши аныкталды
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 843кө жетип, анын ичинен 600ү айыгып чыкты. Тилекке каршы, 11 бейтап каза болуп калды.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.