Министрлик: анализдин таза чыгышы коронавирустун жоктугуна кепилдик бербейт

Министрдин орун басарынын айтымында, вирустун инкубациялык мөөнөтү 14 күндөн дагы көбүрөөк болушу мүмкүн. Ошондой эле анын бир нече этабы бар жана айрым учурда тест вирусту так көрсөтпөй коюшу ыктымал.
Sputnik

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Тесттин коронавирусту көрсөтпөгөнү киши вирус жукутуруп албаганына кепилдик бербейт. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ошто санитардык талапты аткарбай кайра жабылган ишканалардын саны 80ге жетти
Ага журналисттер №3 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун бир кызматкеринин анализи таза чыкса дагы, аны менен байланышта болгон башка дарыгерлер эмне себептен ооруп калды деген суроо беришти.

Үсөнбаевдин айтымында, вирустун инкубациялык мөөнөтү 14 күндөн дагы көбүрөөк болушу мүмкүн. Ошондой эле анын бир нече этабы бар жана айрым учурда тест вирусту так көрсөтпөй коюшу ыктымал.

"Лаборатория 96-97 пайыз туура жыйынтык берет деп айтылып келет. Ошондой эле вирус өтө кооптуу. Эмеректе, кийим-кечеде болсо деле жуга берет", — деди орун басар.

Коронавирустун кесепети

Министрлик: коронавирустан дагы бир жаран көз жумду
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 843кө жетип, анын ичинен 600ү айыгып чыкты. Тилекке каршы, 11 бейтап каза болуп калды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.