Туура түшүнгүлө, киргендерди текшерип жатабыз. Комендатура элге кайрылды

Комендатура жол тыгыны менен кезек эмнеге пайда болуп жатканын түшүндүрдү. Түзүлгөн ыңгайсыздыктан улам комендатура бардык жарандардан түзүлгөн кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылуусун өтүнгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Бишкекке кирип келе жаткандардын дене табын медиктер, ал эми милиционерлер ким экендигин тастыктаган документтерин текшергендиктен, узун кезек менен автотыгын жаралууда. Бул туурасында Бишкек шаарынын комендатурасынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Туура түшүнгүлө, киргендерди текшерип жатабыз. Комендатура элге кайрылды
"Бишкек шаарынын комендатурасы өзгөчө абал учурунда тийиштүү мамлекеттик кызматтар тарабынан жүргүзүлүп жаткан бардык иш-чаралар биринчи кезекте жарандардын ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылууга багытталгандыгын эске салат. Ишкердиктин айрым түрлөрүнүн иши жандандырылгандыгына байланыштуу, борборго кире турган негизги жолдордогу тосмолордо автоунаалардын тыгыны жана кезек күтүүлөрү жаралып жатат", - деп кабарланды таратылган билдирүүдө.

Түзүлгөн ыңгайсыздыктан улам комендатура бардык жарандардан түзүлгөн кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылуусун өтүнгөн.

Вице-мэр: 11-майдан кийин Бишкекке жаңы чектөө киргизүү пландалууда
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 843кө жетип, анын ичинен 600ү айыгып чыкты. Тилекке каршы, 11 бейтап каза болуп калды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.