БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Изоляция учурунда баланы гаджетке болгон көз карандуулугунан кантип сактап калса болорун россиялык психолог Ангелина Дорогунцева айтып берди. Анын кеңештерин РИА Новости жазды.
“Хобби же башка кызыккан нерселери жок балдар сабакка барбай, достору менен кезикпей үйдө отурганда гаджетке абдан жакындап кетет. Айрым ата-энелер баласы смартфондон же планшеттен колу бошобогонуна сүйүнүп, жанынын тынчына карайт. Бирок бул адат изоляциядан чыккан күндө дагы, бала менен калып калышы мүмкүн”, — деди Дорогунцева.
Психологдун айтымында, бала гаджеттен көз каранды болбошу үчүн чыныгы турмушта көбүрөөк жагымдуу эмоцияларды алышы керек.
Психолог гаджеттен көз карандуулук баланы коомдон “бөлүп кетерин” айтат.
Виртуалдык жашоого көнүп алган өспүрүм башкалар менен бат тил табыша албай, өз алдынча чечим кабыл аларда кыйналып калат. Ошондой эле күнүмдүк жашоодо майда-чүйдө, бирок жагымдуу нерселердин ырахатын сезбейт.
Демек, жашоого кызыгы кетет. Андыктан адис ата-энелерге баланы көзөмөлдөөгө убакыт көбүрөөк болуп жаткан карантин учурун туура пайдаланууга чакырат.