БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Коронавируска каршы күрөшкөндөрдүн үстүнөн Lockheed C-130 учактары жана Су-30МКИ, МиГ-29 менен Jaguar учуп өткөн. Бул тууралуу аталган өлкөнүн коргоо министринин twitter-аккаунтунда айтылган.
Кадрдан роза гүлдөрүнүн жерге түшүп жатканын көрүүгө болот.
Акцияга көп өтпөй Аскер деңиз флоту кошулары айтылган. Беш кеме менен иллюминация жандырып, белги берген ракеталарды асманга атып, сирена чыгарууну пландашкан.
Алардын капталында бул иш-чара коронавирус менен күрөшкөн каармандарга арналары жазылган.