БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Акыркы күндөрү коронавирус инфекциясын жугузгандар суткасына 30 жана андан ашык санда табылып жатат, бүгүн 13 учур чыкты. Мындай тенденция бир нече күнгө уланат деп боолголоп жатабыз. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында айтты.
"Оорунун эң бийик чегине жеттик деп айтыш да кыйын, себеби биздин илимий сызыктар боюнча өтө тик чыккан жок. Оорулардын санын кармап калдык, тагыраагы, көтөрүлгөн жок. Азыр бийиктебей туруктуу мүнөздө кетип бара жатат. Ар бир күнү коронавирус жуктурган 30 жана андан жогору сандагы адамдар менен катталууда. Бүгүн 13 учур болду. Ушундай тенденция жакынкы күндөрү кармалып турат деп божомолдоп жатабыз. Мындай эпидемиологиялык кырдаалдан акырындык менен ылдыйлап отуруп, нормалдашкан абалга түшөбүз деген үмүт бар", - деди Үсөнбаев.
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 843кө жетип, анын ичинен 600ү айыгып чыкты. Тилекке каршы, 11 бейтап каза болуп калды.
Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.
Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.
Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.