Бишкекте автоунаа өрттөнүп, аны өчүрүүгө милиция жардам берди. Сүрөт, видео

Жал-15 кичи районунда Volkswagen үлгүсүндөгү автоунаадан өрт чыккан. Жабыркагандар боюнча  азырынча маалымат жок.
Sputnik

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Бишкекте бүгүн, 5-майда, автоунаа өрттөндү. Окуянын видеосу "Короче" Telegram каналына жүктөлдү.

ӨКМдин билдиргенине караганда, саат 10:35те Жал-15 кичи районунда өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине өрт өчүрүүчү бир бригада барып, тилсиз жоо толугу менен саат 11:05те өчүрүлгөн.

ИИМдин Адистештирилген мамлекеттик күзөт башкы башкармалыгынан билдиришкендей, № 68 колго түшүрүү кызматы Volkswagen автоунаасы күйүп жатканын көрүп калган. Алар ошол замат жалындаган автокөлүктү өчүрүүгө киришкен.