Саламаттык сактоо министрлиги канча гумжардам алып, кайда жумшаганы жарыяланды

Коргоочу костюм, бет кап, жасалма дем алдыруучу аппарат, экспресс-тест жана башка медициналык каражат түрүндөгү жардамдар алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Өкмөт Саламаттык сактоо министрлигине чет элдик жана атамекендик уюмдардан медициналык каражат түрүндө берилип жаткан гуманитардык жардамдар боюнча маалымат берди.

Билдирүүгө ылайык, жардамдар коргоочу костюмдардын комплектиси, медициналык бет кап, жасалма дем алдыруучу аппарат, экспресс-тест жана вируска каршы күрөшүүдө зарыл болгон башка медициналык каражаттардан турат. Алар күн сайын аймактардын муктаждыктарына карата бөлүнүп турат. Негизги басым COVID-19 дарты көбүрөөк жайылган аймактарга жасалууда.

"27-апрелге карата 85 000 бет кап, 170 коргоочу костюм келип түшсө, бүгүнкү күндө алар толугу менен таратып берилген. 20 миң кол кап таркатылган. Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине жана Бишкек шаардык Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна өлкөдөгү вирусологиялык лабораторияларды камсыздоо үчүн 20 миң экспресс-тест берилген. Ошондой эле блокпостторго, обсервацияларга, клиникалык жугуштуу оорулар ооруканаларына бөлүштүрүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Медиктерди колдоого салым кошкон чет элдик жана атамекендик мекеме, уюмдар жана гумжардамдын кайда сарпталганы туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин сайтынан тааныша аласыздар.