Ошто санитардык талаптарды аткарбаган 53 ишкана кайрадан жабылды

Рейд учурунда айрым ишканалар залалсыздандыруу эрежелерин сактабаганы, коргонуучу каражаттарды колдонбогону аныкталган.
Sputnik

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Ошто 1-майдан тарта ишин жанданткан 53 ишкана санитардык-карантиндик талаптарды толук аткарбаганы үчүн кайрадан жабылды. Бул тууралуу Ош шаарынын комендатурасынын маалымат борборунан билдиришти.

Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондорунда иштеп баштаган ишканаларга санитардык-карантиндик эрежелердин сакталышы боюнча рейд жүргүзүлгөн.

Анын жыйынтыгында жалпы 141 мекеме-ишкана текшерилип, санитардык талаптарга жооп берген 75 мекемеге иштөөгө уруксат берилди.

Оору жугузасыңар! Комендант такси, чач тарачтар тартип сактабай жатканын эскертти
Ал эми 53 ишкана залалсыздандыруу эрежелерин сактабаганы, кызматкерлери милдеттүү медициналык кароодон өтпөгөнү жана өздүк коргонуучу каражаттардын (бет кап, кол кап, антисептик, кол жуугуч, залалсыздандыруу каражаттары, термометр) жоктугуна байланыштуу ишмердүүлүгү токтотулду.

Мындан сырткары 10 ишканага оозеки эскертүү берилип, 3 касапкана жабылган.

Рейдге санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, аймактык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын, Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын, райондук милиция жана комендатуранын кызматкерлери чыккан. Анда мекеме-ишканалар, соода түйүндөрү, чачтарачкана, сулуулук салондору, унаа оңдоочу жайлар, эт сатуучу дүкөндөр, курулуш объектилери жана такси кызматтары текшерилген.