БИШКЕК, 4-май – Sputnik. Кыргызстандын аймагында бүгүн, 4-майга карата, дагы 35 адамдан коронавирус табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Бейтаптар жашаган аймактар:
Бишкек шаары – 26;
Чүй облусу - 2;
Нарын облусу – 1;
Жалал-Абад облусу - 5;
Баткен облусу – 1.
Ушуну менен ооругандардын жалпы саны 830га жетсе, сакайгандар 575 киши. 4-майга карата ооруканадан 11 адам чыккан.