Кара-Суудагы согуштун ардагерлерине облус жетекчиси 10 миң сомдон тапшырды

Ош облусунун аймагында бүгүнкү күндө согуштун 23 ардагери бар. Анын ичинен жетөө Кара-Суу районунда жашайт.
Sputnik

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Кара-Суу районунда жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алып, резервдик фондунан 10 миң сом, азык-түлүк баштыгын жана баалуу белектерди тапшырды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун аймагында бүгүнкү күндө согуштун 23 ардагери бар.

"Анын ичинен жетөө Кара-Суу районунда жашайт. Буга чейин өлкө башчынын жарлыгы менен ар бир согуш ардагерине 75 миң, ал эми оруктун ардагерлерине 15 миң сомдон каражат бөлүнүп берилген", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан сырткары облустагы оруктун 710 ардагерине жергиликтүү бюджеттен белектер тапшырылат.

Эске сала кетсек, 9-май күнү карантиндик чектөөлөргө байланыштуу массалык иш-чаралар өткөрүлбөйт.