БИШКЕК, 4-май — Sputnik. ЕАЭБ мамлекеттери Россиянын Керектөөчүлөрдүн укугун коргогон жана адам жашоосунун жайлуулугун көзөмөлдөгөн федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) демилгеси менен коронавируска каршы күрөшүүнүн бирдиктүү план-долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу Роспотребнадзор мекемесинин сайтында жарыяланды.
"Документке ылайык, ЕАЭБ аймагында лабораториялык иликтөөлөрдү, оорулууларды ыкчам мониторинг кылып туруу системасын бирдиктүү методикалык ыкмага келтирүү каралган. Ошондой эле кадрларды дайындоо, региондо болуп жаткан инфекциялык ооруларга вакцина жана тест-система иштеп чыгуу боюнча биргелешкен иш-чаралар өткөрүлөт”, — деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматка караганда, бул документти кабыл алуу маселеси Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин келерки жыйынында каралат.
Комплекстүү негизде иштешүү ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү эпидемиологиялык абалды жөнгө салып, инфекциялык оорулар менен күрөшүүдө мүчө мамлекеттердин потенциалын күчөтүүгө жардам берет.
Коронавирус тууралуу
Жонс Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка ылайык, 4-майга карата дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 3 519 901ге жетти.
ЕАЭБ курамындагы өлкөлөр тууралуу айтсак, Арменияда вирус жугузуп алгандардын саны 2 507 кишиге жетти. Белоруссияда — 16 705, Казакстанда — 3 988, Кыргызстанда — 830, Россияда — 145 268.