БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Бүгүн, 4-майда, түнкү саат 01:00дөр чамасында Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Ак-Жол айылында сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Ак-Жол айылында сегиз турак үйдүн короолорун, Шына айылында 10 турак үйдүн короолорун, ошондой эле Эчкилик-Сай жана Жолборсту айылдарындагы ички чарбалык унаа жолдорун каптаган.
Жерине Аксы райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, Жарандык коргонуу комиссиясынын өкүлдөрү тактоо иштерин жүргүзүү үчүн чыгып кетишкен.
Кошумча маалымат берилет.
Эске салсак, 3-май күнү дагы Аксы районунун Жаңы-Жол айылында сел жүргөн.