Россияда чектөөлөр июнь айына чейин созулуп кетиши мүмкүн. Себеби

Буга чейин Россия лидери 11-майга чейин дем алыш күндөрүн жарыялаган. 12-майдан тарта акырындык менен чектөөлөр алына баштайт.
Sputnik

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Россиянын Колдонуучулардын жана адам жашоосунун жайлуулугун көзөмөлдөгөн федералдык кызматы (Роспотребнадзор) эгер жарандар май майрамдары учурунда изоляция режимин бузса, чөктөөлөр июнь айына чейин жылышы мүмкүн экенин маалымдады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Эгер биз бүгүн үйдө отурбай ары-бери каттасак, 12-майдан тарта изоляция режимин күчөтүүгө туура келиши мүмкүн. Эгер баары ойдогудай болсо, айрым чектөөлөр алып салынышы керек. Бирок бул азыр үмүт гана, бардыгын убакыт көрсөтөт", — деди мекеменин жетекчиси Анна Попова.

Буга чейин Россия лидери 11-майга чейин дем алыш күндөрүн жарыялаган.

Акыркы маалыматтарга караганда, Россияда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 134 миңден ашты. Алардын арасынан 16 639 киши сакайып, 1 280 киши каза тапты.