Ноокатта эки милиционер каналга түшүп кеткен бөбөктү куткарып калды. Сүрөт

Баланын ата-энеси чет өлкөгө иштегени кеткендиктен, ал чоң ата, чоң энесинин колунда тарбияланып жаткан.
Sputnik

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Төөлөс айыл өкмөтүнүн Додон айылында каналдагы сууга түшүп кеткен наристени милиционерлер куткарып калды. Бул туурасында Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Ноокатта эки милиционер каналга түшүп кеткен бөбөктү куткарып калды. Сүрөт

Окуя апрель айынын соңунда болгон. Милициянын капитаны Батыр Нишанов менен ага сержант Эмилбек Матанов коронавирустан улам киргизилген өзгөчө абалдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөп, айылдарды кыдырып жүрүшкөн.

"Көчөдө ойноп жүргөн бир жаш сегиз айлык наристе айылдагы каналдын суусуна түшүп кетип тумчугуп, эсин жоготуп койгон. Милиция кызматкерлери баланы алып чыгып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн. Андан соң Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткиришкен", — деп айтылат маалыматта.

Учурда бөбөктүн абалы жакшы, ал 1-май күнү ооруканадан чыгарылган.

Ошондой эле балага өз маалында жардам көрсөтүп аман алып калган милиция кызматкерлерине айыл өкмөт башчысы жана наристенин жакындары ыраазычылык билдиришти.

Баланын ата-энеси чет өлкөгө иштегени кеткендиктен чоң ата, чоң энесинин колунда тарбияланып келет.