БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин өзүн жакшы сезип жаткандыктан, документтер менен иштеп, кесиптештери менен байланышта болууда. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Борис Беляковго шилтеме берип РИА Новости жазды.
Эске салсак, бейшемби күнү өкмөт башчысы коронавирус жуктуруп алганы айтылган эле.
"Михаил Владимирович дарыгерлердин көзөмөлүндө, дарылануусун улантып жатат", — деди Беляков.
Мишустин бир нече жума мурда эле эч ким менен байланышпай, обочолонуп иштеп жатканы айтылган. Бирок ага карабай, аны менен акыркы кезде кезиккендердин бардыгы карантинге алынып, тест тапшырмакчы.
Учурда өкмөт штаттык режимде иштеп жатат, 7-май күнү кезектеги жыйыны өткөрүлмөкчү.
Акыркы маалыматтарга караганда, Россияда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 134 миңден ашты. Алардын арасынан 16 639 киши сакайып, 1280 киши каза тапты.