БИШКЕК, 3-май – Sputnik. Лейлек районунда сел калдыктарын тазалоо жумуштары уланып, ал жерде ӨКМ орун басары Равшан Рысбаев жетектеген ыкчам топ, куткаруучулар жүрөт. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.
Учурда адистер техникалардын жардамы менен ылайды, селдин калдыктарын тазалап жатат.
Баткен облусу боюнча башкармалыктын башчысы жетектеген ыкчам топ, 20 куткаруучу жана бир нече техника тартылган.
Эскерте кетсек, 2020-жылдын 2-май күнү саат 18:30дар чамасында жамгырдын кесепетинен тоо тараптан келген сел Исфана шаарындагы Дадасиян, Восточный, Строительный көчөлөрүндө жана Жаңы-Конуш тилкесинде жайгашкан бир нече үйлөргө зыян келтирген. Социалдык объектилерге кесепетин тийгизген.