Бүгүн Дубайдан дагы 180 кыргызстандык мекенине алып келинди. Сүрөттөр

Буга чейин Дубайдан 178 кыргызстандык алып келинген. Республикалык штаб 10-майда дагы бир чартердик каттам уюштуруларын кабарлаган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Бүгүн Дубайдан Кыргызстандын 180 жараны мекенине кайтып келди. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматта бул эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ишке ашырылганы айтылат. 

Таиланд менен Камбоджада калган 24 кыргызстандык Бишкекке алып келинди
Ал эми Республикалык штаб Fly Dubai авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен келген мекендештерди “Манас” эл аралык аэропортунан тосуп алышканын маалымдады.

Коопсуздукту сактоо үчүн бардык жүргүнчүлөр учурда аэропорттун перронунда тейленүүдө, андан соӊ алар обсервацияга жөнөтүлөт.

Белгилей кетсек, буга чейин Дубайдан 178 кыргызстандык алып келинген. 10-майда дагы бир чартердик каттам уюштурулары күтүлүүдө.