Аксыда сел жүрүп дүкөн, үйлөрдү каптады. Жеринен тартылган сүрөттөр

Бүгүн түшкө жакын нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен жолдун жээгиндеги арыктарга келген суу ташып кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Жаңы-Жол айылында сел жүрдү. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-майда, болжол менен саат 12:10дор чамасында нөшөрлөп жаап өткөн жамгырдын кесепетинен жолдун жээгиндеги арыктарга келген суу батпай ташып кеткен.

Сел каптаган Исфана шаарынын 4 айыл аймагына өзгөчө кырдаал жарыяланды
Сел суулары автоунаа жолунун бир тарабын (2 метр аралыкты) жеп кеткен. Ошондой эле жол жээгинде жайгашкан үч азык-түлүк дүкөнүн жана үч турак үйдүн короосун каптаган.

Аталган аймактарга куткаруучулар келип дүкөндөрдү тазалап, жолдун бир тарабына убактылуу таш тизип жатышат. Учурда автоунаалар жолдун бир тарабы менен өтүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратып, Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында 4-7-май күндөрү мезгил-мезгили менен нөшөрлөп жаан жай турганын эскертүүдө.