Жеңишке салым кошкон ардагерлерге башыбызды ийип, ар дайым таазим кылуу — ар бирибиздин милдетибиз. Ошондуктан Жеңиштин 75 жылдыгына карата "Китепканалар — жеңиштин күбөлөрү" деген долбоор ишке кирүүдө. Бул тууралуу Жылдыз Бакашева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган долбоордун алкагында ШКУ жана КМШ өлкөлөрүнүн улуттук китепканаларындагы каттар, видеолор, кинохроникалар, аудиолор жана ар кандай материалдардын негизинде кейстер түзүлгөн.
"Учурда дүйнөнү пандемия коркунучу каптап жатканына карабастан ардагерлердин алдындагы парзыбызды актайбыз го деген тилекте, Жеңиштин 75 жылдыгына карата "Китепканалар — жеңиштин күбөлөрү" деп аталган эл аралык ачык пайдалануу ресурсу түзүлүп, ишке кирди. Аталган долбоордун координатору — М.И. Рудомино атындагы Бүткүл россиялык мамлекеттик чет өлкө адабиятынын китепканасы. Долбоор орус жана англис тилдеринде жылдын башында иштелип баштаган, учурда бардык колдонуучуларга жеткиликтүү. Бул китепкана менен биргеликте жасап жаткан алгачкы ишибиз эмес. Буга чейин Айтматовдун 80 жылдыгына карата атайын көргөзмө уюштурганбыз. Мындан тышкары Чыңгыз Айтматовдун төрт томдугун аталган китепкананын каржылоосу менен чыгарганбыз. Бул долбоор Россия менен Кыргызстандын ортосундагы эриш-аркак жылда мерчемделген иштердин бири. Карантинге байланыштуу дагы да бир катар иш-чаралардын убактысы жылдырылды", — деди Бакашева.
Ошондой эле ал Улуу Ата Мекендик согушта, оорукта, деги эле жеңишке салым кошкон ардагерлерге башыбызды ийип, ар дайым таазим кылуу ар бирибиздин милдетибиз экенин кошумчалады.