БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Кыргызстанга "Алибаба" жана "Жек Ма" фонддору берген гумжардамдын экинчи бөлүгү келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, гумжардамдын ичинде ПЦР-тесттер менен өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар бар.
Буга чейин аталган фонддор өлкөгө коргоочу костюм, бет кап, байланышсыз термометр сыяктуу медициналык каражаттарды да беришкен.
Мындан сырткары Кытайдын Гуандун провинциясынын (КЭР) Курулуш жана жасалгалоо материалдар ассоциациясы өлкөгө гуманитардык жардам жөнөткөнү айтылды. Алар берген 300 даана атайын костюм, 300 коргоочу көз айнек, 220 медициналык топу, 20 инфракызыл термометр жана 30 000 медициналык бет кап, 500 респиратор Ош шаарына жөнөтүлгөн.