Өзбекстанда жырылган дамбанын суусу айылдарды каптап, эл эвакуацияланды

Өзбекстанда Сардоба суу сактагычынын айланасында жашаган 70 миңге чукул тургун эвакуацияланган. Азыркы тапта 60тай адам ар кандай жаракаты менен ооруканада жатканы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Өзбекстанда жырылган дамбанын суусу айылдарды каптап, 70 миңге чукул тургун эвакуацияланган. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан кабарлады. 

Кырсык 1-май күнү болгон. Өлкө аймагындагы Сардоба суу сактагычынан дамбанын бир бөлүгү жырылып, айылдарды каптаган. Мындан улам суу сактагычтын айланасында жашаган 70 миңге чукул тургун эвакуацияланган. 17 миңден ашык адам медициналык көзөмөлдөн өтүп, 60 адам ар кандай жаракаты менен ооруканага жаткырылган. 

Дамбанын суусу Казакстандын Мактарал районундагы эки айылды да каптаган. Мындан улам Казакстан бийлиги эки айылдын 5000ден ашык жашоочусун эвакуациялаганы маалым болду.

Жергиликтүү тургундардын бардыгын айылдан алып чыгууга алты автобус тартылган.