Өткөрмө кагаз алууга берген арыздын көбү четке кагылды. Вице-мэр себеби тууралуу

Бишкекте бир сутка бою иштөөгө 41 автоунаага, күндүз иштегенге 1092 автоунаага уруксат берчү өткөрмө кагаз берилген.
Sputnik

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. 1-майдан баштап иштөө үчүн өткөрмө кагаз алууга бир сутканын ичинде 13 043 билдирме келип түштү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Азизбек Алымкулов маалымат жыйын учурунда билдирди. 

Анын айтымында, келип түшкөн билдирменин ичинен 1 687си гана жактырылган. Калган 10 521и канааттандырылган эмес.

"Бир сутка бою иштөөгө 41 автоунаага, күндүз иштегенге 1092 автоунаага, жөө жүрүүгө 554 өткөрмө кагаз берилди. Келген билдирмелердин ичинен 835и каралып жатат. Жактырылган билдирүүлөрдүн аздыгына арыз ээлеринин сайттагы тизмеде көрсөтүлгөн зарыл документтерди толук бербегенинде же аларды туура эмес толтуруп коюшканында. Мындан улам уруксат берилбей калды", — деди Алымкулов.

Эске салсак, Бишкекте өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылган. Ага чейин калаада айрым гана тармактардын ишмердүүлүгүнө уруксат берилди.