БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Нурсултан Назарбаев Коопсуздук кеңешинин башчылыгынан кетип жатат деген видео фейк экендигин анын маалымат катчысы Айдос Укибай билдирди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымат агенттиги жазды.
Мурдагы өлкө башчынын катчысы билдирүүнү Twitter баракчасына жазды.
"Элбасынын билдирүүсү" деп аталган видео жасалма экендигин сизге маалымдап койгум келет", — деген Укибай.
Ал фейк видеону жасагандар жоопко тартыларын белгилеген. Назарбаевдин өкүлү мындай жаңылыктардан алыс болууну жана маалыматты расмий булактардан текшерүүнү суранган.
Буга чейин социалдык тармактарда Коопсуздук кеңешинин төрагасы Нурсултан Назарбаев кызматтан кетерин жарыялаган видео тараганы айтылат. Видеодо кадрлар монтаждалганы жана кээ бир жерде сөздөр ооздун кыймылына дал келбегени байкалган.
Эске салсак, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2-майда Дарига Назарбаеваны депутаттык укуктан ажыратуу боюнча жарлыкка кол койгон.