Кыргызстан Казакстандан Жеңиш эстафетасын алды. Сүрөт

Эл аралык акция Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 75 жылдыгына арналган. Ал Кыргызстандын аймагында 2-7-май күндөрү өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Бүгүн, 2-майда, Кыргызстан Казакстандын Жеңиш эстафетасын өткөрүп алганын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Эстафетанын символун өткөрүп берүү аземи "Ак-Тилек" өткөрүү пунктунда болуп, ал эми Бишкектеги Жеңиш аянтында аны Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев кабыл алды. Анын айтымында, Жеңиш эстафетасы КМШ өлкөлөрүнүн чек ара коопсуздугун камсыздоодо бул багыттагы кызматтардын аракеттерин бириктирет.

"Эстафета кара жанын карч уруп, Ата Мекендин эркиндиги менен көз карандысыздыгын коргогон жоокерлердин эрдиги жана баатырдыгы жөнүндө эскерүү болуп саналат. Бул фронтко кетип, тылда эмгектенип келген аталарыбыздын, энелерибиздин жана чоң аталарыбызды эскерүү. Жеңиш эстафетасы бардык өлкөлөрдүн чек арачыларына жоокер биримдиги менен достук жалпы жеңишибиздин негизги кепилдиги экендигин тастыктайт", — деди Шаршеев.

Кыргызстанда өтө турган "Өлбөс полк" онлайн акциясына катышуунун жол-жобосу
Жеңиш эстафетасы Кыргызстандын аймагында 2-7-май күндөрү Бишкек жана Ош шаарларында өтөт. Андан кийин символ Тажикстандын чек арачыларына "Бордобо" өткөрмө бекетинде берилет. Акция 28-майда Москвада "Белгисиз жоокердин күмбөзү" мемориалдык комплексинде аяктайт.

Эл аралык акция Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишинин 75 жылдыгына арналган. Ал 5-февралда бир эле учурда эки багытта Брестте (Белоруссия) жана Мурманскиде (Россия) башталып, КМШ өлкөлөрүнүн чек араларына кезеги менен узатылып жатат.

Коронавирус инфекциясы менен күрөшүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу ага коомчулук катышпайт.