БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Кыргызстанда дагы 13 кишинин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
"Үчөө Бишкекте, экөө Ош шаарында, Жалал-Абад облусунда төртөө, Баткенде экөө жана Нарын облусу менен Ош облусунда бирден киши катталды. Булардын арасында эки медицина кызматкери бар. Кыргызстан боюнча жалпы 769 учур болду", — деди Акматова.
Ал өз сөзүндө бүгүнкү статистика менен вируска чалдыккан медиктердин саны 200гө жеткенин, анын 122си айыгып чыкканын кошумчалады.
Ал эми жалпы жонунан вирус аныкталган 769 кишинин 527си сакайды.