Мынчалык эргүү менен иштей элек болчубуз! "Ялтага карай жол" фестивалы

Чет элдиктердин согуш ырларын жаңыртканы, тилиндеги өзгөчөлүктөр укмуштуудай таасир калтырып жатканын фестивалдын башкы режиссёру айтып берди.
Sputnik

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. 8-май күнү "Культура" телеканалында "Ялтага карай жол" аттуу эл аралык музыкалык фестивалдын жарым финалы тартууланат.

Апрелдин аягында чет элдик музыканттар Крымга чогулуп, Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу советтик ырларды аткарышмак. Бирок пандемиядан улам уюштуруучулар иш-чараны онлайн-форматка өткөрүүгө аргасыз болушту. Калыстар тобу Израиль, Италия, Латвия, Португалия, Индонезия, Таиланд, Кытай, Испания, Польша, Франция, Сербия, Германия, Аргентина, Албания жана Кубадан 15 ырчынын номерин тыңдап, баалашы керек.

Сынактын катышуучулары өз үйлөрүнөн Жер шарынын ар бурчунан ырдашмакчы. Мурунку СССРдин курамына кирген өлкөлөрдө кеңири тараган согуш жылдарындагы чыгармалар чет тилде жаңырат.

Катышуучуларды кыз-келиндерден турган кеңири курамдагы OTTA-orchestra ансамбли коштойт.  Айымдарга симфониялык оркестрдин музыканттары кошулат. Алардын арасында Кытай, Белоруссия, Латвия, Таиланд, Түштүк Корея жана Венгриянын өнөрпоздору бар.

Ли Отта репетициялар онлайн режимде өтүп жатканын белгиледи.

"Музыка — бул жандуу субстанция, музыканттардын бири-бирине жакын болушун талап кылат. Оркестр аралыктан иштей албайт. Бирок азыр жашоо турмуш өз талабын коюп жатат, биз, музыканттар дагы, мурда пайдаланбаган технологияларды колдонуу менен башка режимге өттүк. Фестивалдын идеясы бизге абдан жакты. Анын уникалдуулугу менен масштабы бизге дем, эргүү берип жатат. Мындай тарыхта боло элек эле, мындан улам ушундай ири долбоорду ишке ашырууга кандайдыр бир салым кошуп жатканыбызга өтө бактылуубуз. Азыр бир да мүнөт бош убактыбыз жок. Мынчалык иштеген эмеспиз!", — деди башкы режиссёр.

Ли Оттанын маеги менен толук таанышсаңыз болот.