БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда дагы 10 адамдын коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу брифингде Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.
Өлкө аймагы боюнча COVID-19 аныкталган 756 учур катталды.
"Он адамдын бешөө Бишкек шаарында болсо, үчөө Ош облусунда. Андан сырткары, Нарын менен Баткенден бирден киши бар. Жаңы учурлардын үчөө медицина кызматкерлерине туура келет. Ушуну менен коронавирус жуктурган медиктердин саны 198 болду", — деди Акматова.
Ал эми кечээ кечинде айыгып чыккан 42 бейтапты эске алганда, жалпы өлкө боюнча 504 киши сакайып үйүнө чыгарылды.