Бишкекте такси кызматы иштей баштады

Зарыл иши чыккан шаардыктар бүгүндөн баштап такси менен жүрө алышат. Бирок коопсуздук эрежелерин сөзсүз сакташы керек.
Sputnik

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Борбор калаада такси кызматы иштей баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, зарыл иши чыккан шаардыктар бүгүндөн баштап такси менен жүрө алышат. Бирок коопсуздук эрежелерин сөзсүз сакташы керек.

"Айдоочу да, жүргүнчү дагы сөзсүз бет капчан болушу керек. Ар бир айдоочу күнүнө үч жолу автоунаасынын салонун дезинфекциялап, санитайзер коюшу зарыл. Таксиге эки киши жана бир баланын гана түшүүсүнө уруксат берилген. Таксист өз демилгеси менен май куюучу жайдан башка эч кайда бара албайт", — деп айтылат маалыматта.

Ош шаарында бүгүндөн тарта 7 тармак иштей баштады. Тизме
Белгилей кетсек, 1-майга караган түнү "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери калаанын ичиндеги блокпостторду, тосмолорду алып чыгышты.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.