Жумага карата аба ырайы

Ош менен Баткендин бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. 1-майда Ош жана Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу өрөөндөрүндө кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Кээ бир жерлерде үшүк жүрөт! Май айына карата аба ырайы
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүйдө +21…+26, Таласта +19…+24, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +23…+28, Нарын менен Ысык-Көлдө +17…+22 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, ал эми күндүн табы +24…+26 градуска чейин көтөрүлөт.