Тажикстанда дароо 15 кишиден коронавирус аныкталды

Белгилей кетсек, ушул күнгө чейин Тажикстанда коронавируска кабылган бир дагы учур аныктала элек болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Тажикстанда 15 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигине таянып жазды.

Эртеңден баштап Бишкектеги блокпосттордун баары алынат
Маалыматка караганда, өлкө аймагында илдетке кабылган адамдар бар экени пандемияны алдын алуу боюнча түзүлгөн Республикалык комиссиянын шашылыш жыйынында жарыяланган. Чогулуш өлкөнүн премьер-министри Кохир Расулзоданын жетектөөсүндө өткөн.

15 кишинин 10у Хожентте, бешөө Душанбе шаарында экени айтылды.

Белгилей кетсек, ушул күнгө чейин Тажикстанда коронавируска кабылган бир дагы учур аныктала элек болчу.