Кытайда окуучулар аралыкты сакташ үчүн өзгөчө ыкма ойлоп табышты. Видео

Кытайдын Ханчжоу шаарындагы мектептердин биринин жетекчилиги башталгыч класстын окуучулары аралыкты сакташ үчүн өзгөчө ыкма ойлоп табышкан. Жаш балдардын жүрөк жылыткан видеосун Sputnik Өзбекстан агенттиги жарыялады.
Sputnik

Кытайда коронавирус эпидемиясы басаңдап, кадимки жашоо кайта баштады. Карантин жана башка чектөө чаралары алынууда.

Ухань шаарындагы ооруканада коронавирус менен ооруган адам калган жок
Бирок медициналык бет каптарды тагынуу, аралыкты сактоо сыяктуу эрежелер күчүндө. Оорунун очогу аталган өлкөдө акырындык менен бир катар мекемелер, анын ичинде мектептер иштей баштады. Окууга эң акыркы болуп башталгыч класстын окуучулары кайтышкан. Алардын аралыкты сактоосун камсыз кылыш үчүн Ханчжоу шаарындагы мектептердин биринин жетекчилиги өзгөчө ыкма ойлоп тапкан.

Маалыматка ылайык, жетекчилик ата-энелерге балдарына атайын "канаты бар" шляпаларды жасап берүүсүн суранган.

Бул баш кийимдер бир метр аралыкты сактоого жардам бергенден сырткары балдарга өз тарыхын билүүгө үндөйт. Мындай баш кийимдер Кытайда футоу деп аталат. Аларды X-XIII кылымда Сун династиясы убагында аткаминерлер, аскер башчылары кийгени айтылды.

Эске салсак, Кытайда 84,3 миң адам коронавирус жуктуруп алса, анын 77 миңи айыккан.