АКШнын душманы — Кытай эмес, вирус. Пекин коркутууларга жооп кайтарды

Коронавирус өткөн жылдын декабрь айынын этегинде Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухань шаарында тараган. АКШ илдетти ооздуктабаган Кытайды жоопко тартуу керектигин жар салган.
Sputnik

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. АКШ алардын душманы Кытай эмес, вирус экенин түшүнүшү керек. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Гэн Шуан билдиргенин РИА Новости жазды.

Эске салсак, буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Кытай коронавирусту ооздуктай албай калганы үчүн жоопкерчиликке тартылышы керектигин билдирген.

“Жоопкерчилик маселесине токтоло турган болсок, биз вирус жалпы адамзаттын көйгөйү экенин бир эмес, бир нече ирет айттык. Кытай вирустун “шериги” эмес, өлкө жабырлануучу тарапка кирет”, — деди Гэн Шуан.

Ал ошондой эле дүйнөлүк кризис учурунда эл аралык коомчулук көйгөйдү биргеликте жеңиши керектигин кошумчалады.

Коронавирус тууралуу

Коронавирус өткөн жылдын декабрь айынын этегинде Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухань шаарында тараган. Андан бери 200гө чукул мамлекетке жайылып, апрель айында аны жуктургандардын саны жер жүзүндө 3 миллиондон ашты.

Учурда дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттери ага каршы вакциналарды жана дары-дармектерди жасоо менен алектенүүдө.