Кыргызстанда күйүүчү май 5 сомго чейин арзандашы мүмкүн

Нефтетрейдерлер Финпол жана Салык кызматы менен сүйлөшүп, коронавирустун баага тийгизген таасирин түшүндүргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы беш сомго чейин арзандашы мүмкүн. Бул туурасында Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов билдирди.

Нефтинин арзандашы Кыргызстанга кандай таасир этип жатат? Түшүндүрмө
Анын айтымында, ассоциация өкүлдөрү Финпол жана Салык кызматы менен сүйлөшүп, коронавирус пандемиясынын баага тийгизген таасирин түшүндүргөн.

Кыргызстан мунай менен үзгүлтүксүз камсыздалат, ага таңсыктык жаралбашы керек. Ири нефтетрейдерлер мунайды дээрлик эки айга жете турган запас менен сатып алышкан. Пандемия жарыялана электе башкача баа болчу. Ошондуктан бааны дароо түшүрүп жиберүү мүмкүн эмес.

“Нефтетрейдерлер өлкөдө күйүүчү майдын баасын этап-этабы менен арзандатууга белсенип жатат. Жакынкы күндөрү чекене баасын беш сомго чейин түшүрөбүз. Андан кийинки динамика республикадагы экономикалык ишмердүүлүктүн активдешүүсүнөн көз каранды болот”, — деди Эшатов.

Январь-апрель айлар аралыгында өлкөдө бензин 2,8 сомго же 6,7 пайызга арзандаган. Ал эми дизелдин орточо наркы 4,7 сомго же 9,7 пайызга төмөндөдү.

Ал эми мунай базаларында күйүүчү майлардын дүң баасы бир топко төмөндөгөн. Бул аралыкта бензин 11,6 сомго же 32 пайызга арзандады. Ал эми дизелдин орточо дүң баасы 11 сомго же 21,3 пайызга ылдыйлады.