БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Ушул тапта Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын студенттерине контракт төлөө боюнча жеңилдиктер берилгенин брифинг учурунда билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдирди.
Анын айтымында, студенттерден контракт төлөөсүн талап кылган фактылар көп катталууда.
“Андыктан биз ар бир ЖОЖдун ректоруна, кесиптик техникумдун директорлоруна сунуш кат жолдодук. Азыркыдай ата-энеси, иштеген айрым студенттер ишсиз отурган учурда аларга өтө ийкем мамиле кылынышы керек”, — деди министр.
Ал кошумчалагандай, учурда ар бир окуу жайда социалдык комиссия түзүлүп, студенттин финансылык мүмкүнчүлүгүн карап чыгып, контракт төлөө боюнча ийкем график түзүп бере баштады.
Эске салсак, өлкөдөгү кырдаалдан улам жогорку окуу жайлар дистанттык түрдө окуп жатат.